Кыргызстанда 30 миң 86 чет элдик номурлуу автоунаа мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда 30 миң 86 чет элдик номурлуу автоунаа мыйзамдаштырылды

КР Президенти С.Жапаровдун жарлыгына ылайык 2025-жылдын 1-октябрына чейин Кыргызстанда чет элдик номурлуу автоунааларды легалдаштыруу кампаниясы аягына чыкты. Тийиштүү датага чейин автоунаасын каттоодон өткөрө албаган ээлер эми унааларын өлкөдөн алып чыгууга же жокко чыгарууга милдеттүү болушат. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун туз эфиринде КР Экономика жана коммерция министринин орун басары – Искендер Асылкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы 71 миң жол кыймылындагы мыйзам бузууларга чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар себепкер болушкан жанан анын катарында трагедиялуу окуялар дагы көп катталган.

“Бүгүнкү күнү чет өлкө номурлуу 30 миң 86 автоунаа Кыргызстанда каттоого алынды. Ал эми 466 автоунаа тийиштүү техникалдык кароодон өтө алган жок. Дагы 178 унаа техникалык кттоодон өткөнү менен эмнегедир каттоодон өтүп легалдаштырлган жок. Эми иштин үчүнчү этабына ылайык, бул унаалар мамлекеттен чыгарылышы же утилизация болушу шартталат” – деп билдирди, министрдин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет. Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт. Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык,

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке