Кыргызстандын табигый азыктарынын көргөзмөсү Японияда болду
ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасы Япониянын Осака шаарында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча тематикалык иш-чара өткөрдү.
КРнын Президентинин расмий сайтында маалымдалгандай, ишчаранын жүрүшүндө, туруктуу экотуризмди, геопарктарды өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, тоодогу мөңгүлөрдүн эриши, табигый кырсыктар жана башка тоолуу жамааттарды колдоо маселелери талкууланган.

Мындан сырткары Кыргызстандан келген тоо продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, япон элине тоонун балы, кургатылган жемиштер жана башка Кыргызстандын тоолуу аймактарында өндүрүлгөн табигый азыктар сунушталып, алардын даамы жогору бааланган.