Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

Бишкек шаарындагы төрт алмашуу бюроcу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы аныкталды.
КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, мыйзам бузуулар аныкталган ар бир алмаштыруу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.