Экологиялык акциянын жеңүүчүлөрү воркаут-аянтчалуу болушту

Экологиялык акциянын жеңүүчүлөрү  воркаут-аянтчалуу болушту

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №12; №66 жана №21 орто мектептер заманбап воркаут-аянтчалуу болушту. Атайын килемче төшөлгөн, спорттук машыгууларга ылайыкташкан аянтчада эми балдар дене тарбия сабагында жана андан сырткары бош убактыларын өткөрүшөт. Мындай жаңычылыкка мектептин жамааты жана окуучулары Мэрия тарабынан уюштурулган, экологиялык акцияга катышып, алдыңкы орундарды багындырганы үчүн жетишкен.

Бүгүн аталган аянчалардын расмий ачылышы болуп, ага Бишкек шаарынын вице мэри Рамиз Алиев катышып, окуучулардын саламаттыгы үчүн спорт аянчасынын зарылдыгы, тууралуу билдирди.

Жарым жыл мурда экологияны зыяндуу заттардан арылтуу максатында, “Сенин Эко Зарядың” аттуу кубаттуулугу түгөнгөн батареяларды чогултуу тууралуу Бишкек шаарынын бардык мектептеринде акция жарыяланган. Анын жыйынтыгында биринчи 3 орунду ээлеген 3 мектепке жергиликтүү курулуш компаниялары тарабынан вокраут-аянтчалар салынып берилди.  

Мэрия өкүлдөрүнүн айтымында билим берүү мекемелеринин катышуусунда айлана-чөйрөөнү сактоого арналган мындай ишчаралар кийинки жылдары дагы өткөрүп турмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү

10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.  Программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык келишимдин катышуучуларынын бизнес-программалары айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке

Кытайга 60 тонна кыргыз балын экспорттоо келишими түзүлдү

Кытайга 60 тонна кыргыз балын экспорттоо келишими түзүлдү

Кыргызстандан Кытайга 60 тонна табигый бал жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын “Кабар” маалымат агентигине  "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришкен.  Маалыматта келишим кыргызстандык Dary Tyan-Shanya LTD компаниясы менен кытайлык Wuhan Yangluo Port Service Co., Ltd. компаниясынын ортосунда түзүлгөнү айтылат. Мындай бир пикирге келишүү Айыл чарба министрлиги,

Өлкө боюнча күзгү эгин айдоонун 33%ы аткарылды

Өлкө боюнча күзгү эгин айдоонун 33%ы аткарылды

2026-жылдагы түшүм үчүн өлкө аймагында күзгү эгиндерди айдоо жалпы 250 миң гектар аянтка пландалган. 2025-жылдын 10-ноябрына карата пландын 33 %ы — 81 640 гектар эгин себилди. Күзгү эгиндердин негизги түрлөрү — буудай жана арпа. Айдоо иштери бардык аймактарда жүрүп жатат, айыл чарба техникалары жана үрөн материалдары толук тартылган. Жер иштетүү оптималдуу агротехникалык

Майлуу-Сууда 22,45 млн сомго электр тармактарынын заманбап имараты салынды

Майлуу-Сууда 22,45 млн сомго электр тармактарынын заманбап имараты салынды

8-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына караштуу Майлуу-Суу район электр тармактарынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр сөзүндө жаңы имараттын энергетиктерге сапаттуу шарт түзөрүн жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи. Жаңы имарат эки кабаттан туруп, 45 жумушчу орунга ылайыкташкан, электр жабдыктарды сактоочу