Бишкекте биринчи жолу BUSINESS RUN KG 2025 өттү

Ишкерлер, компаниянын жетекчилери жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда корпоративдик чуркоо уюштурулду. КР Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, старт сызыгында банктардан баштап өндүрүш ишканаларына жана стартаптарга чейинки ар түрдүү тармактагы командалар жолугушту.
«BUSINESS RUN KG 2025» жарышынын жыйынтыгында байгелүү орундарды “Авангард”, “Дөөлөт курулуш” курулуш компаниясы, Улуттук гвардия жана “Неман” фармацевтикалык компаниясы, Кыргызбетон ж.б ээлешти.
BUSINESS RUN KG 2025 — бул жөн гана спорттук иш — чара эмес, жаңы корпоративдик маданияттын символу – деп билегиленген маалыматта.