1 гр алтындын баасы 1 айда - 1 312 сомго кымбаттады

1 гр алтындын баасы 1 айда - 1 312 сомго кымбаттады

КРнын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы өсүү динамикасын көрсөтүп жатат. Мындан бир ай мурда, 14-сентябрда 1 гр алтындын баасы - 11 636 сом турса, бүгүн 14-октябрына карата 1 гр алтындын баасы - 12 948сомдон сатылууда.

Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банк тарабынан күн сайын сом менен Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде белгиленет жана Улуттук банктын расмий сайтынын башкы баракчасында жарыяланып турат.  

Эске салсак, Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймалары жаңы гана сатыкка чыккан кезде (10.05.2015ж) 1 гр алтынды сатуу наркы 3 768 сомго барабар болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга  чектөө киргизди

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга чектөө киргизди

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу кызматына 140 миң 264 жаран кошулганын Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Өзүнө өзү тыюу салуу механизми насыяларды мыйзамсыз алуу жана алдамчылык операцияларын азайтуу максатында ишке киргизилген. Жарандар бул чектөөнү мамлекеттик электрондук кызматтар

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукканын ТИМден билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди. Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 400 метрлик мыйзамсыз балык тору чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди. Бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясында министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык балык тору аныкталып, көлдөн чыгарылды. Иш-чаранын

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинети жарандардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана салттуу иш-чаралардагы социалдык басымды азайтуу максатында "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Негизги сунуштар: * Үйлөнүү тойлорго жана үй-бүлөлүк салтанаттарга 200 адамдан ашык чакырууга болбойт, ошондой эле бир гана жылкы же уй союуга уруксат