Эмгек министрлиги - 100 жылдык мааракесин белгилей баштады

Эмгек министрлиги - 100 жылдык мааракесин белгилей баштады

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ага ылайык, аталган ведомствонун кызматкерлеринин алгачкы ишчарасы старт алып, спорттук спартакиада болуп өттү.

Ишчаранын ачылышында министр Канат Сагынбаев  сөз сүйлөп, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин эле Революциялык комитет тарабынан Эмгек бөлүмү, ал эми 1925-жылы 6-февралда облустук Социалдык камсыздоо бөлүмү түзүлгөндүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, 100 жыл мурда министрликтин башында болгону 58 кызматкер иштесе, бүгүнкү күндө бул 77 аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү камтыган 5000ден ашык адам иштеген бирдиктүү системага айланды.

Спартакиаданын катышуучуларына эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана мурдагы эмгек министри Айгүл Рыскулова да катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Эки күнгө уланган спорттук мелдеште жеңил атлетика, волейбол, мини-футбол, шахмат жана аркан тартыш боюнча ат салышуу каралган.  

Мындан тышкары окуңуз

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Октябрь районунда, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында  Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган. Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 18-февралда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган делегация катышты. Жолугушуунун

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти. Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды. 10-февралдан