Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды.

10-февралдан баштап демонтаж иштерине киришилген жана жумуштар күн сайын саат 7:30дан 21:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Кытай жаңы жылы майрамына карабастан, адистер кошумча убакытта иш алып барышууда. 16-февралда генератордун роторун демонтаждоо ийгиликтүү аяктап, учурда ротор менен статорду ажыратуу иштери жүрүп жатат.

Пландалган графикке ылайык:

  • 22-февралда генераторду толук демонтаждоо;
  • февралдын аягында – турбинаны демонтаждоо;
  • марттын башында №2 агрегаттагы бардык демонтаж иштерин бүтүрүү пландалууда.

Ошол эле учурда жаңы жабдуулар даярдалууда: жаңы генератордун статору монтаждык аянтта толук жыйналып, электрдик сыноолордон ийгиликтүү өткөн, жаңы ротордун чогултуу иштери 50% аяктады.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media