Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Октябрь районунда, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында  Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.

Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу кызматтар тарабынан объектти бузуу иштери уюштурулуп, жүргүзүлдү. Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү