Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148 сомдон, төрт балага жалпы 12 594 сом деп эсептелинген.

Арыз ээсинин айтымында, мурдагы жолдошу 2024-жылга чейин алиментти өз убагында төлөп турган, андан кийин жарым-жартылай которуп, 2025-жылы бир да жолу жөнөткөн эмес.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматына суроо-талап жөнөткөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө, аялдын мурдагы жолдошу Россияда эмгектенип жүрүп, 2024-жылга карата каражат которгону аныкталган. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, тактап айтканда, аялдын банктык эсеби бөгөттөлүп калгандыктан, акча каражаты ага жетпей калган.

Натыйжада 2025-жылга карата алименттик төлөмү 151 миң 128 сомду түзгөн.

Институттун кызматкерлеринин көмөгү менен эми алиментти толугу менен 15-мартка чейин төлөө милдеттендирилди. Февраль айында карызкор мурдагы аялына 111 миң сом которгон.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media