Каджы-Сайда аймактын келечеги менен экотуризм талкууланды

Каджы-Сайда аймактын келечеги менен экотуризм талкууланды

Каджы-Сай айылында “Түштүк Ысык-Көлдүн ЭкоРенессансы” демилгесинин алкагындагы алгачкы жыйын болуп өттү. Туризм департаменти, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Ысык-Көлдүн түштүгүнүн” дестинациясы, туристтик агенттиктер, саякатчы блогер жана лайфстайл-инфлюенсерден турган өкүлдөр аймакты өнүктүрүү боюнча көз караштары менен бөлүшүштү.

 КР Туризм департаментинин өкүлү Малика Молтоева «Туризм синергиясы: демилге, элдер жана илгерилетүү» аттуу баяндамасы менен чыгып, ведомствонун учурдагы демилгелерин жана бардык тармактын катышуучуларынын күч-аракетин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Бизнес коомчулугунун атынан Nomad Camp жетекчиси Байкал Малдыбаев сөз сүйлөдү. Ал мейманкананын аянтын келечектеги жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана тегерек столдун жүрүшүндө айтылган идеяларды жана чечимдерди ишке ашырууга багытталган биргелешкен долбоорлорду өткөрүүчү жайга айлантууну сунуштады.

 Инфлюенсер жана медиа өкүлдөр эс алуунун жаңы маданиятын калыптандырууга - көлдү жана анын экосистемасына аяр мамиле кылууга, туризмдин ички маданиятын өнүктүрүүгө багытталган коммуникациялык кампанияларга жана пилоттук долбоорлорго катышууга даярдыгын билдиришти.

 Биринчи “Түштүк Ысык-Көлдүн ЭкоРенессансы” ачык диалог түзүүнүн аянтчасы гана болбостон, мамлекет, бизнес жана коомдун биргелешкен ишинин жана келечектеги долбоорлордун башаты болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 18-февралда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган делегация катышты. Жолугушуунун

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти. Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды. 10-февралдан

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

"Агродиалог-2026" форумунда Ат-Башы районунун дыйканы Алтынбек Айбашев картошка өстүрүү багытында туруктуу иштеп, 2023-жылдан бери Голландиядан алынып келинген супер, супер элита картошка уруктарын колдонуп, сапаттуу жана тектүү сортторду көбөйтүп жатканын билдирди. "Учурда чарбада супер, элита, супер элита категориясындагы сильвана, коломба, камелия, бедис, челенжер картошка уруктары бар. Бул уруктар