КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси Вашингтондо талкууланды

КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси Вашингтондо талкууланды

КРнын финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтонто болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык финансы корпорациясынын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Ооганстан жана Пакистан боюнча вице-президенти Риккардо Пулити менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда экономиканын жеке секторун өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын негизги багыттары, Эл аралык финансы корпорациясынын стратегиялык долбоорлорду каржылоого катышуусу, чет элдик инвесторлорду тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды.

Финансы министрлиги Эл аралык финансы корпорациясынын чийки затка байланышпаган экономика тармактарына, анын ичинде агроөнөр жай комплекси, кайра жаралуучу энергетика, чакан гидроэлектростанциялар жана күн станциялары, ошондой эле транспорт жана шаардык логистика тармагындагы долбоорлорго кызыкдар  экенин билдирди.         

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы конструктивдүү кызматташууга, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жана КРнын инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту