Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

6-ноябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Астана шаарында өтөт турган "Акаба процессинин" жасалма интеллект коопсуздугу боюнча саммитине катышат.

ТИМдин маалыматына караганда, аталган иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Иордания Королдугунун Королу Абдалла II тарабынан демилгеленген.

Саммиттин жүрүшүндө жасалма интеллекттин өнүгүшү жана колдонулушуна байланыштуу эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралат.

Ошондой эле заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө пландалууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту

Улан Ниязбеков Казакстанда ИИМдин Башкаруу академиясына барды