Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Улан Молдодосов Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы жетекчини бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылды.

Аны Президенттин админстрациясынын президенттин жана министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.

Улан Молдодосов буга чейин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген.

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:

  • 2008-жыл — Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча эмгек сиңирген спорт чебери.
  • 2022-жыл — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
  • 2026-жылдын 9-сентябры — Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусу боюнча 16 объект пайдаланууга берилди

Бишкекте курулуш ишканасына кайрадан 200 миң сом айып салынды

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады