Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев катышты.

Маалыматка ылайык, долбоорго Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан 370 509 АКШ доллары өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) катышуусунда түзүлдү.

Долбоордун алкагында агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып, аны өнүктүрүүнүн оптималдуу модели аныкталат. Ошондой эле инвестицияларды тартуу стратегиясы иштелип чыгат.

Аймактык өнөр жайды өнүктүрүү форумунун алкагында министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Марина Понти жана уюмдун делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Анда Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун 2025–2029-жылдарга карата Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагындагы кызматташтык, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлерин түзүү, аквакультура жана балык чарбасында кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү багытындагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте курулуш ишканасына кайрадан 200 миң сом айып салынды

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту