Салык кызматы 9 айда 59,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Салык кызматы 9 айда 59,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына 2019-жылдан бери камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы берилген. Ошол учурдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык түшүүлөрү туруктуу өсүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын раймий сайтында маалымдалды.

Билдирүүгө караганда, камсыздандыруу төгүмдөрү:
2020-жылы — 33,1 млрд сом,
2021-жылы — 38,3 млрд сом,
2022-жылы — 51,7 млрд сом,
2023-жылы — 64,3 млрд сом,
2024-жылы—74,08 млрд сом чогулса,
2025-жылдын 9 айында эле - 59,7 млрд сом жыйналды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 5,4 млрд сомго көбөйгөн. Жыйымдарды көбөйтүү үчүн Салык кызматы санариптик куралдарды киргизүү аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну жөнөкөйлөтүү менен бизнес жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө — келечекте татыктуу пенсия алууну камсыз кылуу дегенди билдирет. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү медициналык кызматтарды арзан алууга мүмкүнчүлүк берет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна 370 миң доллар бөлүнөт

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту