20-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү

20-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү

Бүгүн, Дүйнөлүк статистика күнү үчүнчү ирет белгиленип жатат. 2010-жылы БУУнун Статистикалык комиссиясынын 41-сессиясында Дүйнөлүк статистика күнүн белгилөө чечими кабыл алынып, ал беш жылда бир жолу өткөрүлөт.

Быйыл Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү «Ишенимдүү маалыматтар – туруктуу келечектин негизи» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат сайтында жарыяланды.

Кыргызстандын мамлекеттик статистикасынын тарыхы дээрлик бир кылымды түзөт. Жыйнак жана маалыматтарды иштеп чыгуу системасы республикада жыйырманчы кылымдын башынан тартып калыптанып, бүгүнкү күндө улуттук статистиканын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн үлгүсүнө айланды.  

Азыркы тапта Улутстатком 5 млн. жакын баштапкы көрсөткүчтөгү маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгууну камсыздап, жылына 24 миң статистикалык иштерди аткарат. Колдонуучуларга 350 статистикалык жыйнактар менен басылмалар сунушталат, ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын өнүгүшү боюнча түрдүү суроолор боюнча 900 экспресс-маалымат даярдалат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,