Манас шаарында жаңы завод ачылды

Манас шаарында жаңы завод ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Манас шаарында металл конструкцияларын өндүрүүчү "Металлстрой" заводунун ачылышына катышты.

МинКаб төрагасы өлкөдө курулуш тармагы жогорку ыргак менен өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде курулуш материалдарына жана металл конструкцияларына болгон суроо-талапты күчөтүп жатканын белгиледи.

Заводго 2,5 млн доллар жеке инвестиция жумшалган. Биринчи жылы 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Ишканада 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.
"Мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө өбөлгө болот", – деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле өкмөт башчысы "Металлстрой" заводу Манас шаарынын жана өлкөнүн курулуш тармагын жергиликтүү продукция менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганына, алдыда өндүрүштү кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө салым кошооруна ишеним билдирди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту

Улан Ниязбеков Казакстанда ИИМдин Башкаруу академиясына барды

Экологиялык рейд жүргүзүлүп, Токмоктогу беш айдоочуга 53 миң сом айып пул салынды

Ленин акимчилигинда 863 жарандын арызы каралды

Кыргызстандагы 31 тигүү ишканасы экспорттук акселератордон өттү