Айыл чарба министри өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форумга катышты
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков "Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо" темасындагы өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биринчи аймактык форумунун ачылышына катышты.
Анда Акунбеков, иш-чара белгилүү бир өнөр жай жана инвестициялык демилгелерди алга жылдыруу үчүн бекем пайдубал боло турган аянтча болооруна ишенээрин билдирди.
"Бүгүнкү күндөгү заманбап инвесторлор так экономикалык моделди, тобокелдиктерди баалоону, бекем технологиялык компонентти жана ачык-айкын ишке ашыруу механизмин издешет. Ушул себептен улам, биз келечектүү долбоорлорду даярдоо, аларды инвестициялык даярдык этабына жеткирүү үчүн БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму жана башка эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз", - деди Эрлист Акунбеков.
Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүн, эл аралык каржы институттарын жана ишкер чөйрөнү бириктирип, инвестициялардын келечегин талкуулаган бул аймактык форум Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

Форумда айыл чарба жана азык-түлүк өндүрүшү, санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, чакан гидроэнергетика, фармацевтика өнөр жайы, ошондой эле текстиль жана тигүү тармагы сыяктуу багыттардагы демилгелер сунушталат.
Акунбеков акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы туруктуу жана күчтүү өсүүнү көрсөтүп жатканын айтты.
Форумда өнөктөштүк жана өнүгүү боюнча жалпы көз караш, өнөр жай артыкчылыктарын инвестицияга даярдоо жана кеңейтүүгө мүмкүн болгон демилгелерге айландыруу, негизги жыйынтыктар жана кийинки кадамдар сыяктуу сессиялар уюштурулуп, баяндамалар угулду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу