Экологиялык рейд жүргүзүлүп, Токмоктогу беш айдоочуга 53 миң сом айып пул салынды
Атмосфералык абанын сапатын көзөмөлдөө жана автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын абага тийгизген таасирин азайтуу максатында Токмок шаарында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзмөлдөөчү рейддик ишчараны өткөрүшкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында беш автоунаадан зыяндуу заттардын белгиленген ченемден ашыкча бөлүнүп чыгып жатканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 53 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, айдоочулар арасында атмосфералык абаны булгоонун кесепеттери жана унаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу