Башкы прокуратура онлайн платформага 2,885 доллар салык төлөөнү милдеттендирди

Башкы прокуратура онлайн платформага 2,885 доллар салык төлөөнү милдеттендирди

КРнын Башкы прокуратурасына келип түшкөн материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгында “Т.” эл аралык сатып алууларды жүргүзүү интернет-платформасы өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн коммерциялык иш жүргүзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу башкы Прокуратурадан маалымдашты.

 Мамлекеттик салык кызматынын катышуусу менен мыйзам бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлгөн. Анын натыйжасында компания КРда салыктык каттоодон өтүп, ыйгарым укуктуу органдын эсептерине 2 млн 885 миң доллар (251 млн сом) өлчөмүндө салык төлөмүн түшүрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкек шаарында Вьетнам компаниясы тарабынан негизделген заманбап кеңсе борбор ачылды. Борбор өлкөгө инвестиция тартуу иш-чараларынын алкагында ишке кирди. Борборду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, заманбап кеңсе менен таанышып чыкты. Маалымдалгандай, бул кеңсе ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлордун иштөөсүнө шарт жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев,

Тайвань OnePlusтун башкы директорун камакка алуу ордерин берди

Тайвань OnePlusтун башкы директорун камакка алуу ордерин берди

Тайвань бийлиги OnePlus компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Пит Лауну камакка алуу боюнча ордер чыгарды. Ага 70тен ашуун тайвандык инженерди мыйзамсыз жумушка алган жана 2,3 млрд тайвань долларын салык төлөбөстөн өлкөдөн чыгарган деген айыптар тагылганын Bloomberg агенттиги кабарлады. Прокуратуранын версиясына ылайык, 2014-жылы Пит Лау Тайванда OnePlus үчүн жашыруун

Кыргызстандын виртуалдык активдерин жүгүртүү көлөмү жогорулап жатат

Кыргызстандын виртуалдык активдерин жүгүртүү көлөмү жогорулап жатат

АКШ тараптын демилгеси менен Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Жолугушууда Фархат Иминов Улуттук кеңештин максаттары жана милдеттери, ошондой эле анын аткаруучу органы болуп саналган катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат

Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүү, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Анын айтымында, быйыл жарандар мамлекеттик автомектептерде окуп башташат. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В категориясы үчүн