Алкоголдук продукцияга акциздик салыктын чени жогорулайт
Министрлер Кабинети тарабынан «КРнын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору демилгеленген. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, долбоор 2026-жылдан 2029-жылга чейинки мезгилде айрым алкоголдук продукцияларга акциздик салыктын ченин акырындык менен жогорулатууга багытталган. Ошондой эле курамында кант бар балдардын ичимдиктерин акциздик салыктан жана акциздик марка менен маркалоодон бошотууну алып салуу каралган.
Мисалы, Спирт, арак, ликер-арак буюмдары, күчөтүлгөн ичимдиктер, күчөтүлгөн ширелер жана бальзамдар: 2025-жылы литрине 160 сомдон 2026-жылы 200 сомго чейин (40 сомго жогорулоо). Кийинки жылдары ставка жыл сайын 20 сомго көбөйүп, 2029-жылга карата литрине 260 сомду түзөт.
Бул чаралар зыяндуу продукцияны керектөөнү кыскартууга, Кыргызстандын салык саясатын эл аралык саясатка шайкеш келтирүүгө багытталган.