Чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген кредит берилди

Чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген кредит берилди

КРнын чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду өнүктүрүүгө максат коюлган.

Финансы министрлигинен кабарлагандай, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелинде “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекитилген. Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500,0 млн. сом суммасын түзөт.            

2025-жылдын 2-октябрына карата бул Долбоордун алкагында 44 каржылоо субъекттерине 125,38 млн. сом суммасында каржылоо кредиттери берилди.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат

Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүү, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Анын айтымында, быйыл жарандар мамлекеттик автомектептерде окуп башташат. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В категориясы үчүн

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

16-17-январь күндөрү өлкө аймагында аба температурасы кескин төмөндөп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кээ бир аймактарда туман түшүп, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралышы ыктымаал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 17-19-январь

Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн

Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн

Адистердин айтымында, Бишкек шаарында батирлерге болгон суроо-талаптын азайганы байкалган. Акыркы 5 жылдын ичинде (2021–2025-жж.) борбор калаада батир сатып алуу-сатуу боюнча келишимдердин саны кыскарып жатканы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарында айтылат. 2025-жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдердин саны болгону 2,7%га гана өскөн. 2024-жылы 12 186 сатуу-сатып алуу келишими

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы салмак-өлчөм постторунда пара алып жүргөн жумушчулар кармалышты

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы салмак-өлчөм постторунда пара алып жүргөн жумушчулар кармалышты

Ички иштер министрлигине Бишкек-Ош автоунаа жолунда жайгашкан, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин карамагындагы салмак-өлчөм көзөмөл постторунда иштеген жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде текшерүү жүрүп, аталган кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмак