Акча которуулар жалпы каржылык түшүүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүн ээлейт

Акча которуулар жалпы каржылык түшүүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүн ээлейт

Чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар - кыргыз үй-бүлөлөрүнүн негизги киреше булагы жана өлкө экономикасынын олуттуу бөлүгү бойдон калууда. Мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев социалдык баракчасында жарыялаган. Анын айтымында акча которуулар жалпы каржылык түшүүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүн ээлесе, анын 40% га чейинкиси түштүк аймактарга таандык. Эгерде акча которуулар болбосо жакырчылыктын деңгээли дээрлик 50% га жогоруламак.

“2022-жылдан бери миграциялык баланс биринчи жолу оң жагына өзгөрүүдө: Кыргызстанга келгендердин саны кеткендерге караганда көбөйдү. Үч жылдын ичинде бул айырмачылык 6 миңден 11 миңге чейин өстү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасында 620 миңден ашык жумуш орду бар – бул үч жылдан ашык убакытка караганда 80 миңге көп. Көптөгөн бош орундар дале ачык бойдон калууда – рынокто квалификациялуу адистер жетишсиз” – деп билдирген М. Тургунбаев.

Улуттук банктын башчысынын айтымында, мурда акча которуулар күнүмдүк гана колдоо көрсөтчү болсо, эми тажрыйба жана капитал менен миграциядан кайтып келген адамдар жылдарга карата экономикалык салымын кошуп жатышат.  

Натыйжалар байкаларлык: чакан жана орто бизнестин саны 16,8ден 19,1 миңге чейин көбөйдү, ал эми алардын ИДПдагы үлүшү 39,8%дан 47,3%га чейин өстү. Ал эми орточо эмгек акы 20%га көбөйүп, 42 500 сомго жетти”.

Бүгүнкү күндө эң маанилүүсү кайтып келгендердин санында эмес, алар алып келген өзгөрүүлөрдүн сапатында. Башкача айтканда, кайтып келүү экономикасы жөн гана акча жөнүндө эмес, миграциянын тажрыйбасы мамлекеттик системаларды жаңылантуу куралына айлангандыгы жөнүндө - дейт, Турганбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан эски имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министрдин айтымында, өлкө боюнча ведомствого караштуу бардык административдик имараттар акырындап жаңыланууда.

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстанда жаңы Салык кодексинин нормалары боюнча иштөөгө даярдык көрүлүп жатат. Ал 2026-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Өлкөнүн айрым ишкерлери бул жаңы нормалар орто класска жана экономикага сокку болот деп айта башташты. Ал тургай казак ишкерлери муну “чакан жана орто бизнеске каршы глобалдык саясат” дешип, документти “жазалоочу китеп” атап жиберишти.  Казакстандын

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстаннын тышкы соода жүгүртүүсү 11,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3%га азайды. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 18,9%, импорттун үлүшү 81,1% болуп белгиленди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тышкы жана өз ара сооданын төмөндөшү экспорттун да, импорттун

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 42 757 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын январь-сентябрь номиналдык