Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди.

Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат. Ошондой эле жаңы конуштарга дагы 625 автобус жөнөтүү пландалууда.

Мэрия маршруттук схемаларды толугу менен кайра карап чыгууда. Бул жаңы инфраструктуралык объектилер болгон Батыш автовокзалы, Ош базары, Түндүк айланма жолунун курулушуна байланыштуу.

Ушуга байланыштуу айланма багыттар үчүн экспресс-маршруттар да киргизилет. Мындан тышкары, шаар ичинде "кыска" же "перехватывающий" деп аталган маршруттар түзүлөт. Алар тыгындарды азайтууга жардам берет.

Бирок мындай система жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, анткени бир нече жолу транспорт алмаштырууга туура келет жана кошумча чыгымдар болушу мүмкүн.

Мэрдин айтымында, бул маселени чечүү үчүн мэрия бир жолу төлөп, белгилүү убакыт ичинде башка транспортко акысыз өтүүгө мүмкүнчүлүк берген система киргизүүнү карап жатат. Бул маселе жакынкы 1–2 ай ичинде чечилиши мүмкүн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады