Түркиялык инвестор Халил Келеш өлкө башчыларына кайрылды

Түркиялык инвестор Халил Келеш өлкө башчыларына кайрылды

Түркиядан келген инвестор Халил Келеш 3-ноябрда маалымат жыйын өткөрүп өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. 

Анын айтымында, ал 2022-жылы 25-ноябрда “Д.К” курулуш компаниясы менен Бишкектеги Профсоюз, 125 көчөсүндөгү 15-кабаттуу үйдү куруу келишимин түзгөн. Андан соң ал Түркиядан туннелдик опалубкалар менен 30 курулушчу алып келген. 

Бирок, компаниясынын ээси “М” менен финансылык директору “М” аларга керектүү шарт түзбөй, түрк курулушчулар 6 ай бою айлыксыз калган. Ошол себептен Х. Келеш өзү жумушчуларга жатакана куруп, 30 жумушчуга шарт түзгөн. 

Кийин компаниянын ээси “М” бардык чыгымдарды төлөп берүүнү убада кылып, докумкентке кол коюп берген. Кийин “Д.К” ээси 150 миң доллар төлөп, калган 352 миң долларды финансылык директор “М” төлөрүн айткан. 
“2023-жылы Октябрь РИИБина арыз берилген. 2025-жылдын 15-майында Кыргызстанга келип ИИМге арыз жаздым. Бирок компаниянын ээси менен финансылык директору мени тааныбасын айткандыктан аларга карата иш козгоодон баш тартылды”,-дейт инвестор. 

Адвокат Халил Нурмаматовдун айтымында, ушул жылдын сентябрь айында аларга карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому чыккан. Анда жабыркаган тарап сотко кайрылса болору тууралуу жазылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу