Сеулда Кыргызстандын токой чарбасы боюнча жаңы долбоору бекитилди

Сеулда Кыргызстандын токой чарбасы боюнча жаңы долбоору бекитилди

Кыргызстан Сеулда өткөн AfoCO (Азия токой кызматташтыгы уюму) уюмунун 13-сессиясына жана Азия токойлору достугу форумуна катышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматы билдирди. 

Кыргызстан атынан аталган иш чарага аталган кызматтын санариптик өнүгүү жана токой-мергенчилик чарбасы боюнча башкармалыктын жетекчиси Ызак Бекболот, Кара-Алма–Үрүмбаш токой чарбасынын директорук Элмирбек Анарбай уулу барган. 

Ассамблеянын жүрүшүндө Кыргызстандын 1,3 млн долларлык “Жашыл мурас улуттук демилгесин колдоо үчүн “Кыргызстандагы токой үрөндүк базасын кеңейтүү жана заманбап токой питомниги комплексин түзүү” жаңы долбоору каралып, бекитилди. 

Долбоордун негизги максаты:

-        Бактардын приоритеттүү түрлөрүнүн жакшы уруктарын чогултуучу жана сактоочу токой үрөн базасын түзүү;

-        Жогорку сапаттагы көчөттөрдү өндүрүү боюнча Манас шаарында заманбап токой питомнигин түзүү;

-         Жергиликтүү коомчулуктун катышуу деңгээлин жогорулатуу жана калктын жашоо шартын жапкшыртуу;

-         Acorn долбооруна фермерлерди тартып, аларга көчөттөрдү  сунуштоо менен CRU (Carbon Removal Units) төлөмү аркылуу киреше алууну камсыздоо.

“Бул долбоорду ишке ашыруу Токой кызматынын потенциалын чыңдап, заманбап токой үрөнчүлүтүк жана токой питомниктик инфраструктураны өнүктүрүүгө шарт түзөт”,-делет маалыматта.  

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

13-октябрда Экономика министрлиги Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликте бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этиканы сактоо боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты. Катышуучулар ISO 37001:2025 "

Ишкер Media
Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарды. Райондук соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берип, судья активистке мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтүн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат.  Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш,

Ишкер Media
Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media