Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарды.

Райондук соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берип, судья активистке мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтүн 13-ноябрга чейин деп аныктады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Алдамчылык” беренелери менен айып тагылууда.

ИИМ Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, өлкөгө алынып келгенин 13-октябрда кабарлаган. Министрлик ал массалык башаламандыкка чакыруу жана бир адамдан (М.Н.) чогуу ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен 150 миң доллар алып, алдап кеткен деп шектелип жатканын билдирген.

Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин “Юнилаб” деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт

Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт

2026-жылдын декабрь айынан тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 Жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, 1-декабрдан тарта кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго көбөйүп, укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат үчүн

Ишкер Media
Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

13-октябрда Экономика министрлиги Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликте бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этиканы сактоо боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты. Катышуучулар ISO 37001:2025 "

Ишкер Media
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат.  Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш,

Ишкер Media
Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media