Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди
Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоордун маанилүү инфраструктуралык өнөктөшү болуп өлкө боюнча кеңири бөлүмдөр тармагына ээ "Кыргыз Почтасы" ААКсы саналат. Бул өнөктөштүк тейлөө географиясын кеңейтип, аймактарда калкка банктык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Кийинки этапта мыйзамда каралган лицензиялоо жол-жоболорунан өтүү, операциялык инфраструктураны түзүү жана банкты толук ишмердүүлүккө даярдоо каралган.