Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү
13-октябрда Экономика министрлиги Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликте бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этиканы сактоо боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты.
Катышуучулар ISO 37001:2025 "Коррупцияга каршы аракеттенүүнү башкаруу системалары" эл аралык стандартын, Ишкердик этиканын типтүү кодексин жана бизнес үчүн коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча сунуштарды карап чыгышты. Коррупциянын алдын алуу, ички контроль механизмдерин киргизүү жана этика принциптерин сактоо ыкмалары талкууланды.
Министрлер кабинетинин 18-сентябрдагы №626 токтому менен бекитилген Ишкердик этиканын типтүү кодексин иш жүзүндө колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин 27-январдагы №29 токтому менен бекитилген 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик программанын алкагында өттү. Тренингге CERT Academy эл аралык уюму эксперттик колдоо көрсөттү.