Жеке ишкерликти онлайн кантип ачса болот?
КРнын Салык кызматы cabinet.salyk.kg порталында аралыктан туруп жеке ишкерлик ачуунун инструкциясын жарыялады. Инструкция системага киргенден арыздын статусун текшерүүгө чейин көрсөтөт.
Колдонуучу:
- Cabinet.salyk.kg сайтына кирет;
- Авторизация болуунун ыкмасын тандайт – логин жана пароль, Рутокен, EnoToken, Smart-ID KG, ЕСИ-Облако же ЭТТН;
- Жеке ишкерликти каттоо үчүн “Арыз берүү” баскычын басат;
- Негизги талаачаларды толтуруп жана анын тууралыгын текшерет;
- Салыктык режимди тандап жана форманы сактайт;
- “Онлайн каттоого арыздарды берүү журналы” аркылуу статусту карап турат;
Салык кызматы бул процедура толугу менен онлайн болот жана салык органдарына келүүнү талап кылбайт.