Өлкө боюнча 2030-жылга чейин 385 ишкана түзүлөт

Өлкө боюнча 2030-жылга чейин 385 ишкана түзүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн деңгээлин 25%га жеткирүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Муну ишке ашыруу үчүн министрлик өлкө боюнча жалпы 385 ишкананы түзүүнү көздөп жатат. Анын ичинен:

  • 40 соода-логистикалык борбор (СЛБ);
  • 45 ири кайра иштетүүчү ишкана;
  • 300 чакан жана орто ишкана.

Ишканалар айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды, эт, сүт, балык, жүн, тери, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү жана агроөнөр жай багытындагы башка объектилерди камтыйт.

Облустар боюнча пландар төмөнкүдөй:

  • Жалал-Абад облусу – 7 СЛБ жана 59 кайра иштетүүчү ишкана;
  • Ош облусу – 5 СЛБ жана 53 ишкана;
  • Баткен облусу – 8 СЛБ жана 29 ишкана;
  • Талас облусу – 4 СЛБ жана 21 ишкана;
  • Нарын облусу – 2 СЛБ жана 31 ишкана;
  • Ысык-Көл облусу – 6 СЛБ жана 66 ишкана;
  • Чүй облусу – 7 СЛБ жана 78 ишкана.
  • Бишкек шаары – 5 ишкана.

Эске салсак, пландар райондорду жана айыл аймактарды камтыйт.
Мында аймактар боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн адистештирилиши эске алынып, бул жаңы ишканаларды курууда чийки заттын базасынын туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу