"Кызыл" жана "жашыл" китептердин ордуна кадастрдык план киргизилет

"Кызыл" жана "жашыл" китептердин ордуна кадастрдык план киргизилет

Кыргызстанда “кызыл” жана “жашыл” китептер жоюлуп, алардын ордуна бирдиктүү кадастрдык план киргизилет. Бул чечим Жер кодексинин жаңы редакциясына ылайык кабыл алынганын жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эми “кызыл” жана “жашыл” китептер берилбейт. Эски китептер күчүндө калат, бирок жер тилкеси башка бирөөгө өткөндө жараксыз болуп, жаңы ээси үчүн кадастрдык план дайындалат.
Кадастрдык план документтерди бириктирип, кайталанууларды жок кылат жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтат.
Ошондой эле ал жасалма документтерди чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтөт, бүтүмдөрдү жана башка жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрөт.

“Кызыл” жана “жашыл” китептер мурда болгону кагаз түрүндө болсо, эми жаңы кадастрдык план санарип форматта да жеткиликтүү болот. Ал электрондук кызматтар порталы аркылуу берилет жана анда кадастрдык планды онлайн көрүп, текшерүүгө мүмкүн болот. 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке