Тобокелдиги бар товарлардын тизмеси жаңыланды

Тобокелдиги бар товарлардын тизмеси жаңыланды

Мамлекеттик салык кызматы тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизгенин "Кабар" маалымат агенттиги жазды.

Товарлардын позициялары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоочу субъекттердин кайрылууларынын негизинде кайра каралып жана жаңыланды.

Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги бөлүгү социалдык маанилүү товарларга тиешелүү жана импорттук операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле ички рынокто баалардын туруктуулугун камсыздоого багытталган.

Мисалы, ТЭИ ТН 703101900 коду менен "Пияз" үчүн товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы мурда 30,20 сом болсо, өзгөртүүлөрдөн кийин 10,41 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Товарлардын тизмеги менен Салык кызматынын sti.gov.kg сайтындагы "Билим базасы" – "Евразия экономикалык бирлиги" бөлүмүнөн таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,