Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы, “Элдик Банк”, “Бат Жет” ЖЧКсы жана Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту.

Меморандумдун максаты – тараптардын аракеттерин координациялоо, борбор шаардын транспорттук логистикасын жакшыртуу жана жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга багытталган инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу.

Тараптар өз ара пайдалуулук, ачык-айкындуулук жана тең укуктуулук принциптери боюнча кызматташууга кызыкдар экенин ырасташты.

“Батыш айланма жолу” долбоору борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда маанилүү кадам катары бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Адылбек Касымалиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкек шаарындагы жазуучунун үй-музейине барды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты. Министрлер Кабинетинин

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлөт

Суусамыр – Талас – Тараз жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлөт

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 104,6-197,6-чакырымдарындагы IV фазаны реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жолдогу иштердин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Учурда курулуш иштерине

Ысык-Көлдөн 500 метрге жакын ситетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 500 метрге жакын ситетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көл облусунда кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Рейддик иш-чара Өрүктү жана Чоң-Өрүктү айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык тор суудан чыгарылды. Мындай синтетикалык торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип,

Чүйдө милиция кызматкерлери жаранга ооруканага жетүүгө көмөктөштү

Чүйдө милиция кызматкерлери жаранга ооруканага жетүүгө көмөктөштү

Чүй облусунда милиция кызматкерлери жол тыгынынан улам ооруканага жетүүгө үлгүрбөй жаткан жаранга көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милициянын кенже сержанты А. Доктурбеков жана милиция сержанты Э. Турусбеков кызмат өтөп жүргөн учурда жардам сурап кайрылган жаранга жолуккан. Жаран жол