Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт. Аны ишке ашыруунун алкагында жер пайдалануу жана курулуш эрежелери иштелип чыгып, шаар аймагын натыйжалуу пайдаланууга жана курулуш тармагын системалаштырууга багытталууда.

Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган аймактарды 2030-жылга чейин өнүктүрүү планы бекитилип, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.

2026-жылы Бишкекте курулуштун титулдук тизмесине 64 объект киргизилип, аларды ишке ашырууга 611,2 млн сом каралган. Анын ичинен Ленин районунда – 22, Свердлов районунда – 15, Биринчи Май районунда – 16, Октябрь районунда – 11 объект курулат.

Жыл башынан бери бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Май айында Маевка конушунда жалпы аянты 295 чарчы метр болгон спорт комплекси пайдаланууга берилди. Ал эми жыл аягына чейин Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.

Инженердик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча Новопавловка конушунда эки скважина казылып, 9 чакырым суу түтүгү тартылды. Учурда долбоордун аткарылышы 45%ды түзөт.

Коллегияда жер мунапысынын жүрүшү да талкууланды. Жер мунапысы башталгандан бери комиссиялардын 290 жыйыны өткөрүлүп, 30 миңге жакын материал каралган. Анын жыйынтыгында 14 миң арыз канааттандырылып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media