Эски автовокзал айланасындагы курулуштар алынат
Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы убактылуу курулуштарды алып салууну улантып, Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу мэриянын комиссиясынын чечими менен убактылуу курулуштар бузулуп жатканын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


"Жалпы 6 капитальный объект демонтаждалып, натыйжада 700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат. Бул аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү пландалып жатат. Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча Бишкекте шаардагы бардык мектептердин айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча кеңири иш улантылып жатат. 2025-жылдын 11 айында 9 миңден ашуун объект демонтаждалды", — деп айтылат маалыматта.