"Кыргызфармация" трансплантологияда колдонулуучу дарыны сатып алууну пландап жатат

"Кыргызфармация" трансплантологияда колдонулуучу дарыны сатып алууну пландап жатат

Мамлекеттик ишкана "Кыргызфармация" трансплантологияда колдонулуучу дары-дармекти сатып алууну көздөп жатат. Тиешелүү билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, трансплантологияда жана аутоиммундук ооруларды дарылоодо колдонулуучу такролимусту жеткирүү боюнча тендер жарыяланган. Сатып алуу стандарттык чектөөсүз тендер форматы аркылуу жүргүзүлөт. Бул дары орган трансплантациясынан кийин бейтаптарды туруктуу дарылоо үчүн зарыл.

Болжолдуу чыгым суммасы 123 миллион 193 миң 420 сомду түзөт. Сунуштар 2025-жылдын 12-декабрына чейин кабыл алынат. Баа сом менен да, чет элдик валютада да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Такролимус — иммунодепрессанттык дары. Ал орган көчүрүлгөндөн кийин (мисалы, боор, бөйрөк, жүрөк) иммундук жоопту көзөмөлдөп, организмдин жаңы органды кабыл алуусуна жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media