Президент экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жарлыгына кол койду

Президент экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жарлыгына кол койду

Президент Садыр Жапаров “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

1) Ага ылайык МинКаб бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңештин кароосуна төмөнкүлөрдү караган мыйзам долбоорун киргизүү токтомун бекитти:

– зергердик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо, ошондой эле чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүнү;

– легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну;

– пробалык жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө тиешелүү пробаны ырастаган өзүнүн эн тамгасы менен пробалоо жана эн тамгасын басуу боюнча функцияларды (мамлекеттик пробалык эн тамгасын кошпогондо) ыктыярдуу негизде өткөрүп берүүнү;

– үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотууну;

– жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автомототранспорт каражаттарын сатууда алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотууну;

– Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотууну;

– тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү;

– чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын азайтууну;

– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөөнү;

– чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлүүчү транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөөнү;

 2) зергердик буюмдарды ата мекендик өндүрүүчүлөргө Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 пайыз өлчөмүндө арзандатылган баа боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунан чийки затка жеңилдетилген жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын;

3) зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды түз келишимдин негизинде же товардык-чийки зат биржасы аркылуу 180 (бир жүз сексен) күнгө чейинки мөөнөткө төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен кайра сатуу укугусуз чийки зат түрүндө сатууну жүзөгө ашырсын;

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору менен макулдашуу боюнча зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү механизмин карасын;

5) “Манас” эл аралык аэропортунда баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробанын эн тамгасын басуу боюнча лабораторияны түзсүн жана ишин уюштурсун, ошондой эле Ош, Манас шаарларынын жана “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл филиалынын аэропортторунда мындай лабораторияларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иштеп чыксын;

6) баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергердик буюмдарды сатуу рынокторун кеңейтүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну аткаруунун алкагында эн тамгаларды өз ара таануу тууралуу маселени чечүүнү тездетсин;

7) зергерчилик тармагынын субъекттерине карата талаптардын кайталанышын болтурбоо максатында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун алкагында маалыматтарды санариптик өз ара алмашуу системасын киргизүү жолу менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды сатуучулардан суралган маалыматтарды жана отчетторду интеграциялоону камсыз кылсын.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында ишкерлерди колдоо боюнча ЧОИ-2030 программасы талкууланды

Нарында ишкерлерди колдоо боюнча ЧОИ-2030 программасы талкууланды

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоорун талкуулоого арналган көчмө эксперттик жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Иш-чара Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана ЕККУнун эксперттеринин колдоосу менен уюштурулду. Жолугушууга Нарын облусунун бизнес-коомчулугунун, тармактык

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Суу районунун Тойчу айылында 300 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, имараттын жалпы наркы 119 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Башкы пландын негизинде мектепте 12 окуу классы, дарыгер бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мектеп

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспорт санариптештирилүүдө

Нарын шаарында коомдук транспортту санариптештирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда автобустарга GPS-трекерлер орнотулуп, “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргизилет. Жаңы система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип