Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Сууда 119 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Кара-Суу районунун Тойчу айылында 300 окуучуга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, имараттын жалпы наркы 119 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Башкы пландын негизинде мектепте 12 окуу классы, дарыгер бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мектеп заманбап технология жана конструкция боюнча курулуп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Курулуш иштерин “Эми-Нур Строй” ЖЧКсы аткарып, долбоор пландын талабына ылайык өз убагында аяктатуу үчүн иштерди тездетип жүргүзүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды