Т.Сатылгангов паркына 10 кабат жаңы театр салынат
Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын директору, КР эл артисти Муратбек Бегалиев Бишкекте жаңы 10 кабаттуу театр курулуп, ал Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театры менен "алтын көпүрө" аркылуу бириктирилерин Кабар агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүнө берген маегинде билдирди.
“Жакында эле президентибиз Садыр Жапаров бир жыйынга катышып калды. Ошондо театрдын имаратын көрүп, “Бул имарат ремонттон өткөнбү? Реконструкция керекпи?” деп сурады.
“Акыркы ирет 2019-жылы оңдолгон экен. Имарат азыр оңдоп-түзөөгө муктаж. Бирок, ошол эле маалда бул имаратты тарыхый архитектура катары сактап калуу маанилүү болмок. Эгерде жаңы имарат курулса - бул эң сонун чечим болот эле. Бүгүнкү күндө өлкөдө бардык тармактар жаңыланып, заман талабына ылайык курулуп жатат. Эски театр генийлер эмгектенген ыйык жай. Аны туристтер да кызыгып көрөт”,-деп айттым.
“Алар жаңы имаратты салыш үчүн жер жок дешкенде мен Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакты сунуштадым. Анткени, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония бар да, ошол паркты ошол жакка көчүрүү керектигин белгиледим.
Президент өзү да бул театр Астана операсынан жана Сидней операсынан кем болбошу керек деп белгиледи. Ал театр беш кабат өйдө, беш кабат ылдый болуп, жалпысынан 10 кабаттуу заманбап имарат болушу керек экенин айтты. Учурдагы имаратты болсо толук реставрация кылып, эки театрдын ортосуна символикалуу “алтын көпүрө” куруу идеясы сунушталды. Театрдын келечеги буйруса кең”,-деп белгиледи ал.