Мамлекетке 12 млн сом зыян келтирүүгө шектелген чиновник кармалды
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Чүй облусунда мамлекеттик бюджетке 12 миллион сом зыян келтирген деп шектелген чиновник кармалганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2022–2024-жылдары Жайыл районундагы "Петропавловск" каналын капиталдык оңдоо учурунда курулуш эрежелеринин олуттуу бузулушу жана бюджеттик каражаттарды максатсыз колдонуу фактылары аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 12 миллион сом деп белгиленди.
Тергөө жүрүшүндө Чүй облусунун Суу ресурстарынын бассейндик башкармалыгынын мурдагы башчысы жана мурунку суу ресурстары кызматынын башчысынын милдетин аткарган 59 жаштагы Р.М.О. кармалды. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоо жайына (ИВС) киргизилди.