Кыргызстандык спортчу жети вагонду алты метрге жылдырды
Экстремалдык спортчу Алексей Тепляшин Кыргызстандын жаңы рекордун жаратты. Ал Бишкек шаарындагы темир жол бекетинин аймагында жалпы салмагы 165 тонна 900 килограмм болгон жети жүк вагонун алты метр аралыкка жылдырганын спортчу өзү 24.kg басылмасынын журналистине билдирген.
Белгилей кетсек, Алексей Тепляшин күч экстрими менен төрт жылдан ашуун убакыттан бери машыгып келет. Вагон жана автобустарды тартуудан тышкары, ал мыктарды ийет, болтторду сындырат, табаларды бурайт, карта колодаларын колу менен жыртат.
"Баатыр-балбандар бул спорт багыты менен кантип машыгарын көрүп, мага да кызык болду. “Мен да кыла аламбы?” деп ойлодум. Даярдана баштадым, машыктым, жыйынтык мени канааттандырды. Ошол жетишкендик менен токтоп калбай, жаңы рекорддорго умтулууну чечтим", — деп бөлүшкөн спортчу.
Рекордго жетүү үчүн ал спорт залында, жаратылышта, үй шартында активдүү машыгат. Машыгуу үчүн спорттук тренажёрлордон тышкары, таштар, кум салынган каптар жана башка каражаттар колдонулат.
2026-жылдын жазында Алексей Тепляшин сегиз вагонду жылдырып, жаңы рекорд коюуну пландап жатат. Ошондой эле ал Борбор Азия деңгээлинде да рекорд жаңыртууну максат кылууда.