Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлду

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун каржылоого багытталган кредиттик макулдашууга кол коюу аземине катышты МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашуу "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсы (үч өлкө тарабынан түзүлгөн биргелешкен долбоордук компания) менен Кытай Эл Республикасынын банктарынан турган синдикаттын — Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Эксимбанк — ортосунда түзүлгөн.

Темир жол долбоорунун жалпы наркы 4,7 миллиард АКШ долларына бааланууда. Анын жарымы — болжол менен 2,3 миллиард доллар — Кытай тарабынан 35 жылдык мөөнөткө биргелешкен долбоордук компанияга насыя катары берилет.
Бул сумма түздөн-түз эле аталган компания тарабынан кайтарылат. Калган 2,3 миллиард доллар үч мамлекет тарабынан компаниянын уставдык капиталына төмөнкү үлүштөр менен салынат:
Кытай — 51%, Кыргызстан жана Өзбекстан — ар бири 24,5%дан.
Документке кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Торобаев Кыргызстандын Министрлер кабинети менен биргелешкен долбоордук компаниянын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун негизги шарттарынын бири — долбоордун толук каржылоосу 2025-жылдын 20-декабрына чейин камсыздалышы керектигин, бул талап бүгүн ийгиликтүү аткарылганын баса белгиледи.

"Бул жетишкендик жогору баага татыктуу жана үч мамлекет тарабынан түзүлгөн Биргелешкен долбоордук компаниянын эл аралык деңгээлдеги ири долбоорлорду ишке ашырууга толук даяр экенин айкын көрсөтөт", — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Өз кезегинде "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Чжоу Син биргелешкен долбоордук компания тартылган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга гана эмес, макулдашууда каралган бардык милдеттенмелерди өз убагында жана так аткарууга да өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактагы эң татаал техникалык жана инженердик долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 29 тоннель жана 50 көпүрө куруу пландалууда.

Бул темир жолдун болжол менен 40%ы тоннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтөт дегенди билдирет. Кыргызстан аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304 чакырымды түзөт.

Эске салсак, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна расмий старт 2024-жылдын 27-декабрында үч өлкөнүн лидерлери тарабынан берилген. Анда Президент Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев кайрылуу жасап, бул долбоордун стратегиялык маанисин баса белгилешкен.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүндөгү жалпы 2,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция