Быйыл Бишкектеги турак үйлөр 35,7%га кымбаттаган

Быйыл Бишкектеги турак үйлөр 35,7%га кымбаттаган

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк рыногунда баалар өсүп, ал эми келишимдердин саны азайганы байкалганын Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйынында "Эл аралык куруучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин жетекчиси Кайнарбек Кулуев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы Бишкек шаарында:

  • турак үйлөрдүн баасы 35,7%га,
  • батирлердин баасы 17,5%га жогорулаган.

Ал эми Ош шаарында:

  • турак үйлөр 25,8%га,
  • батирлер 22,8%га кымбаттаган.

"Кыймылсыз мүлккө баанын өсүшү жана келишимдердин санынын кыскарышы турак жайдын жеткиликтүүлүгү төмөндөп, калктын реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайып жатканын көрсөтөт", — деди Кулуев.

Кулуевдин пикиринде, мындай кырдаалдын негизги себептери болуп:

  • жер тилкелеринин тартыштыгы,
  • курулуш материалдарынын баасынын өсүшү,
  • мамлекет тарабынан куруучуларга берилген жеңилдиктердин (преференциялардын) жоктугу саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

МинКаб башчысы 73 тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшырды

Борбор калаада 6 миң түп дарак отургузулду

Өлкөнүн ИДӨсү 1,8 триллион сомго жетти

Кыргызстан Антальяда инвестициялык потенциалын тааныштырды

10 айда пенсияларды каржылоо 94 млрд 369 млн сомду түздү