Өлкөнүн ИДӨсү 1,8 триллион сомго жетти
Өлкөнүн ички дүң өндүмү 10 айда 1 трлн 866,4 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5 %га көп.
"Ички дүң өндүмдөгү эң көп үлүш - 48,9 %ды түзгөн кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди. Өнөр-жайдын үлүшү - 18,2 %га, айыл чарбасы - 8,4 %га, курулуш тармагы - 99,4 %га жетти", - деди улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов бүгүнкү маалымат жыйынында.
Ал кошумчалагандай, өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү январь-октябрь айларынын аралыгында 770,9 млрд сомду түзгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу