Кыргызстан Антальяда инвестициялык потенциалын тааныштырды
Кыргызстан Анталья шаарында өткөн COP31 конференциясында климаттык долбоорлор жаатындагы инвестициялык потенциалын тааныштырды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинен маалымдашты.
Иш-чара COP31 конференциясынын "Каржы жана соода" (Finance and Trade Day) тематикалык күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук павильонунда өтү.
Маалыматка караганда, ал Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, климаттык каржылоону тартууга, ошондой эле туруктуу жана көмүртектин аз бөлүнүп чыгышына негизделген өнүгүүнү камсыз кылуу максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.

Талкуунун жүрүшүндө гидроэнергетика, суу ресурстарын туруктуу башкаруу, органикалык айыл чарба, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу багыттарына жеке жана институционалдык инвестицияларды тартуунун келечеги каралды.
Буга удаа Кыргызстандын климат жаатындагы улуттук артыкчылыктарын, анын ичинде Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (ОНУВ 3.0) потенциалдуу инвесторлордун жана эл аралык финансылык институттардын талаптарына жооп берген инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Эксперттик талкууга төмөнкү өкүлдөр катышты:
- Жанара Бакирова — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору;
- Дениз Каялы — Orta Asya Investment Holding компаниясынын финансылык директору;
- Дастан Абдылдаев — Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун эксперти;
- Уран Ахметов — Тоолор эл аралык институтунун директорунун орун басары;
- Эльвира Боромбаева — Кыргызстандын чакан ГЭСтер ассоциациясынын президенти, Борбордук Азиянын Региондук экологиялык борборунун Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү.
COP31 конференциясынын алкагында тематикалык сессиянын өткөрүлүшү Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын эл аралык климаттык аянтчада тааныштырууга, ошондой эле мамлекеттин, финансылык институттардын, инвесторлордун жана эксперттик коомчулуктун өз ара кызматташуусунун келечектүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түздү.