Борбор калаада 6 миң түп дарак отургузулду
Бишкек шаарынын Манас көчөсүндө жашылдандыруу акциясынын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана шаар тургундары катышты.
Маалым болгондой, бир тилкеге бир убакта бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң түп көчөт отургузулду.
Алардын ичинен 5 263ү — гибрид терек, 700ү — тал жана 37си — алма дарагы.
Жаңы отургузулган көчөттөрдү өз убагында сугаруу үчүн автоматтык сугат системасы орнотулду. Мындан тышкары, кошумча көп жылдык бадалдар жана гүлдөр отургузулат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата шаарда жалпы 30 миң түп дарак отургузулду. Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы эки жолу дарак отургузуу акциясын өткөрүү пландалууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу