МИК ААКсы менен Азия өнүктүрүү банкы 65 млн долларга келишим түздү

МИК ААКсы менен Азия өнүктүрүү банкы 65 млн долларга келишим түздү

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (МИК) жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ)жалпы суммасы 65 миллион долларын түзгөн гранттык жана жеңилдетилген насыя каражаттарын бөлүү боюнча келишимге кол коюшту.

Документке 2025-жылдын 25-ноябрында МИКтин башкармалыгынын төрагасы Талант Жекшенов жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву кол койду. Каржылоо "Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөгөн турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү" долбоорун ишке ашырууга багытталат.

Бул демилге "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып, киреше деңгээли төмөн жана орто жарандарды турак жай менен камсыздоону көздөйт.

Долбоордун негизги өзгөчөлүгү — курулушта заманбап “жашыл” стандарттарды сактоо. Курула турган турак жай объекттери жогорку энергоэффективдүүлүккө жана туруктуулукка ээ болуп, бул келечектеги жашоочулардын эксплуатациялык чыгымдарын азайтууга жана энергетикалык тармакка түшкөн жүктү төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Келишимде социалдык аспектилерге жана гендердик теңчиликке өзгөчө көңүл бурулган. Программа калктын аярлуу катмарлары үчүн атайын квоталарды жана колдоо чараларын карайт. Алардын катарына:

  • мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар;
  • жалгыз бой энелер;
  • көп балалуу үй-бүлөлөр кирет.

Эл аралык каржы институту менен кызматташуу жарандарды турак жай менен камсыз кылуу менен катар, өлкөнүн курулуш тармагына энергияны үнөмдөөчү алдыңкы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө