АКШда грин-карт лотереясы убактылуу токтотулат

АКШда грин-карт лотереясы убактылуу токтотулат

АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясын ойнотуу убактылуу токтотуларын Американын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимге Браун университетинде ок атууга шектелген Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы грин-картаны дал ушул программа аркылуу алганы себеп болду.

"Президент Трамптын тапшырмасы боюнча мен АКШнын жарандык жана иммиграция кызматтары DV1 программасын дароо токтотуу боюнча көрсөтмө бердим. Бул программа мындан ары бир да америкалыкка зыян алып келбеши керек", — деди Ноэм.

Браун университетиндеги ок атуу 13-декабрда Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарында болгон. 48 жаштагы Португалия жараны Клаудио Мануэл университеттин корпусунда эки адамды атып өлтүрүп, дагы тогуз адамды жарадар кылган. Каза болгондордун бири өзбекстандык студент болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

"Нарын" бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-5-август күндөрү Кытайдан "Б.Х.Г." ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу унаа менен товарлар жеткирилген. Документтерде алар жалпы салмагы 9 440 кг болгон металл конструкциялар жана

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Тамгада логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунун Тамга айылында логистикалык борбор жана шире чыгаруучу цех куруу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облус башчысы Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен учурда аракеттер көрүлүп жатат. Демилгени ишке ашыруу үчүн Барскоондогу Тамга айылынан 1 гектар муниципалдык жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун жалпы

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө балык уулоо билетин QR-код аркылуу алууга болот

Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоочулар үчүн балык уулоо билетин электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти билдирди. Буга чейин көлдүн Кекилик участогуна балык уулоо эрежелери жана жол-жоболору көрсөтүлгөн маалыматтык тактайча орнотулган. Анда балык уулоо билетин онлайн алууга мүмкүндүк

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

21-августта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган отурум өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коллегиялык отурумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, депутат Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле министрликтин